Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, министрдин орун басары Бактылуу Момбеков Аскар уулу Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринен жеринен таанышты.
Анда министрдин орун басары жол куруу иштеринин сапатына, аткарылып жаткан жумуштардын көлөмүнө жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө жолду белгиленген мөөнөттө сапаттуу пайдаланууга берүүнү камсыз кылуу керектиги айтылды.
Мындан тышкары, курулуш иштеринин жүрүшүндө жолго үзгүлтүксүз суу сээп туруу, ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратпоону жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырылды.