Стартаптар үчүн мүмкүнчүлүк: Кыргызстан венчурдук экосистеманы өнүктүрүүнү көздөйт

Экономика Загрузка... 14 Май 2026 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев Кыргызстандагы Эл аралык финансы корпорациясынын (International Finance Corporation, IFC) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Пятаченко жана Дүйнөлүк банк тобунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда венчурдук каржылоо жөнүндө мыйзам долбоорун илгерилетүү жана инвестициялоонун альтернативдүү булактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жалын Жээналиев инновациялык экономиканы өнүктүрүүнүн жана жогорку технологиялык тармактарга жеке капиталды тартуунун негизги факторлорунун бири катары венчурдук инвестициялар үчүн заманбап жана туруктуу укуктук базаны түзүүнүн стратегиялык маанисин белгиледи.

IFC өкүлдөрү венчурдук экосистемаларды өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде Казакстан менен Өзбекстандын практикасын, ошондой эле бизнестин инвестициялык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана финансылык инфраструктураны бекемдөөгө багытталган альтернативдүү каржылоо булактарын жөнгө салуунун заманбап ыкмаларын сунушташты.

Тараптар эксперттик-аналитикалык жана техникалык кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдирип, тиешелүү мыйзам чыгаруу демилгелерин илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоону макулдашышты.

Бул чараларды ишке ашыруу инвестициялык климатты жакшыртуу, туруктуу финансылык рынокту калыптандыруу жана Кыргызстандагы стартаптар менен венчурдук экосистеманы колдоого өбөлгө түзөт деп айтылууда.