Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. “Манас” улуттук академиясы Сүрөтчүлөр союзу менен биргеликте сүрөтчүлөр арасында “Манас ааламы-2025” көргөзмө-сынагын жарыялады.
Академиядан билдиришкендей, Манас эпосу тууралуу чыгармаларды көбөйтүү жана элге жайылтуу максатында сүрөт, графика, станоктук скульптура жана жасалга колдонмо өнөрү (ДПИ) жаатындагы чыгармалар кабыл алынат.
Орундар чыгарманын маани-маңызы, композициялык чечилиштери жана чыгармачылык чеберчиликтери боюнча аныкталат. Сыйлык жана кызыктыруучу сыйлык алган чыгармалар “Манас”академиясынын фондунда калтырылат жана сынакка катышкан ар бир чыгарманын электрондук варианттары ылайыгына жараша Манас эпосунун жаңы басылмаларына жана китептерге чыгарылып, иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турат.
Ал эми калыстар тобу “Манас” улуттук академиясы жана Сүрөтчүлөр союзу тарабынан түзүлөт.
Көргөзмө-сынакта 1-2-3-орунду алгандарга акчалай сыйлык, дипломдор жана 10 орунга кызыктыруучу сыйлык, грамоталар тапшырылат.
“Манас ааламы” көргөзмө-сынагынын уюштуруу иш-чаралары.
- 30-январь – Музей менен өткөрүү күнүн аныктоо, музей менен келишим түзүү.
- 5-февраль – жарыяларды таратуу.
- 1-февраль-26-апрель – сүрөтчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
- 18-февраль – комиссия мүчөлөрүн түзүү жана алар менен макулдашуу.
- 1-февраль – плакат жана чакыруу кагаздарынын дизайндарын даярдоо жана макулдашуу.
- 5-февраль – афиша жана чакыруу кагаздарынын чыгаруу.
- 1-апрель – афишаларды илип чыгуу.
- 10-апрель – чакыруу кагаздарын таратуу.
- 18-апрель – диплом жана грамоталардын дизайндарын жасоо жана макулдашуу.
- 5-май – чыгармаларды кабыл алуу – музейде.
- 6-май – чыгармаларды тандоо жана экспозиция жасоо.
- 6-май – орундарды аныктоо.
- 7-май – диплом жана грамоталарды чыгаруу жана тапшырууга даярдоо.
- 8-май – ачылышы, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшыруу аземи.
- 14-май – жабылышы жана авторлорго чыгармаларын таратуу.
Өтүүчү жайы: Сүрөтчүлөр союзунун “Эмен багы” көргөзмө залы.
Кабыл алуу: 5-май чыгармалар- Сүрөтчүлөр союзунун “Эмен багы” көргөзмө залында.
Орундарды аныктоо: 6-май, саат 11:00
Ачылышы: 8-май, саат 15:00
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшыруу ачылыш аземинде өтөт-8-май, саат 15:00
Жабылышы: 14-май
Суроолор жана сунуштар боюнча телефон: 0700 87 40 55, 0554 309 454