Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аймак Загрузка... 26 Февраль 2025 09:30
481057322_1034409255398467_7076204239909054461_n.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек - Ош унаа жолунун Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 07:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №9 ЖТИнин сунушу боюнча кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 26-28-февраль күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.