Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды

Аймак Загрузка... 04 Март 2025 09:44
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда бүгүн таңкы саат 7де жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды.

Транспорт министрлиги билдиргендей, чектөө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу киргизилген.

Учурда №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдогу карды тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштерин аткарышууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.