Соцконтракт: Баткенде 1 794 жаран кайтарымсыз каражат алды

Аймак
Соцконтракт: Баткенде 1 794 жаран кайтарымсыз каражат алды
copyright icon WWW

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. 2026-жылы Баткен облусуна "Социалдык келишим" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2 145 квота бөлүнгөн. Бул тууралуу облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 23-октябрга карата 1 794 жаран менен социалдык келишим түзүлүп, план 83,6% аткарылды.