Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы медиа кызматташтыкты өнүктүрүү, маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жана жалган маалыматтарга каршы биргелешип иш алып баруу маселелери Улуттук телерадиоберүү корпорациясында өткөн форумда көтөрүлгөндүгүн медиатренер Марс Тулегенов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата алдыда өтө турган саммиттин алкагында УТРКда медиафорум уюштурулду.
“Форумдун негизги максаты — ШКУга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн медиа тармагында биргелешип иш алып баруу жолдорун талкуулоо. Анда журналистикада кандай багыттарда иш жүргүзүү керектиги, журналисттердин ишмердиги кандай принциптерге таянары тууралуу билдирүүлөр болду”, — деди Тулегенов.
Тулегенов белгилегендей, азыркы ааламдашуу жана санариптешүү шартында дипфейк, жалган маалыматтарды таратуу сыяктуу көрүнүштөр күчөп жаткандыктан, медиа тармагы бул чакырыктарга туруштук берүү механизмдерин иштеп чыгышы зарыл.
“Форумда Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгынын алкагында даректүү тасмаларды тартуу, ШКУга мүчө мамлекеттердин өнүгүү жолундагы жетишкендиктерин чагылдыруу жана бул багыттагы келечектеги максаттарды аныктоо маселелери да каралды. Өлкөлөр өнүгүп жатат деп гана айтып койбостон, алардын жетишкендиктерин изилдеп, кандай жол менен өнүгүп жатканын көрсөтүү маанилүү. Бул багытта алдыга коюла турган максаттарды аныктап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу керек”, — деп белгиледи медиа тренер.
Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын медиа уюмдарынын кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгы кошумчалады.