Сеулда "Эмне үчүн Кыргызстан?" аттуу туристтик китептин бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 28 Март 2025 17:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Түндүк Кореянын Сеул шаарында "Эмне үчүн Кыргызстан" аттуу туристтик китептин бет ачары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, корей тилиндеги китеп Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин жана “Борбор Азия – Корея Республикасы” форумунун катчылыгынын көмөгү менен корей окурмандарына Кыргызстандын кооздугу, маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу айтып берүү максатында иштелип чыккан.

Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин Кореядагы элчилери жана өкүлдөрү, ишкер чөйрөлөр, туризм индустриясы, ЖМКлар, Кореядагы кыргыз диаспорасы жана китептин автору катышты.

Элчи Исмаилова өз сөзүндө мындай демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргызстан бай тарыхый мурасы, ажайып жаратылышы, меймандос эли бар өлкө катары туризмге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.

Элчи ошондой эле Кыргызстандын “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасына ылайык туруктуу өнүгүүгө умтулуусун баса белгилеп, китепти басып чыгаруу сыяктуу долбоорлор өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгүн жана эл аралык имиджин бекемдөөгө жардам берерине ишенимин билдирди.

Маданий оюн-зоок иш-чарага өзгөчө маанай тартуулады. Конокторго кыргыздын улуттук бийлери тартууланып, улуттук аспап комузда кол ойнотулуп, классикалык музыка жана улуттук даамдар тартууланды.

Иш-чара коноктордун кызуу реакциясын жаратты. Алардын көбү Кыргызстанга саякаттоону каалашарын билдиришип, китептен жана презентациядан таанышкан маданий салттардын өзгөчөлүгүн жана өлкөнүн жаратылышынын кооздугун белгилешти.