Сеул дүйнөдөгү алдыңкы үч шаардын бири болушу мүмкүн

Дүйнө 11 сентябрь 2026 09:05
Сеул дүйнөдөгү алдыңкы үч шаардын бири болушу мүмкүн
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Сеул бийлиги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана 2030-жылга чейин дүйнөдөгү алдыңкы үч шаардын бири болуу үчүн негизги долбоорлорго 86,1 трлн вон (болжол менен 64,3 млрд АКШ доллары) жумшоону көздөп жатат, деп Kaзинформ Yonhap агенттигине шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын планы жашоо сапатын жакшыртууга жана үйдөн 10 мүнөттүк аралыкта машыгуу зоналарын түзүү сыяктуу 100 ири демилге аркылуу жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган.

Бул демилгелерге айдоочусуз автобустардын санын 2030-жылга чейин 500гө чейин көбөйтүү кирет.

Турак жай секторунда шаар 2031-жылга чейин 310 миң турак жай бирдигин курууну баштоону жана кыймылсыз мүлк бааларынын тездик менен өсүшүн чечүү үчүн 130 миң мамлекеттик турак жай бирдигин курууну пландаштырууда.

Сеул Мори мемориалдык фонду тарабынан түзүлгөн 2025-жылдагы дүйнөлүк алдыңкы шаарлардын индексинде алтынчы орунду ээледи. Алдыңкы беш шаардын катарына Лондон, Токио, Нью-Йорк, Париж жана Сингапур кирди.

Мори мемориалдык фондунун индекси шаарларды алты негизги көрсөткүчтүн негизинде баалайт: экономика, изилдөө жана иштеп чыгуу, маданий өз ара аракеттенүү, жашоо сапаты, айлана-чөйрө жана жеткиликтүүлүк.