Кыргызстан менен Буркина-Фасонун ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 06 Март 2025 09:34
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25./Кабар/. Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Буркина Фасонун Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Букари Савадого менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкенде, тараптардын жолугушуусу БУУнун шайлоо органдарына Кыргызстандын талапкерлигин илгерилетүү боюнча иштин алкагында өттү.

Жолугушууда өзгөчө көңүл Кыргызстан менен Буркина-Фасонун ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты орнотуу, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелерине бурулду. Ошондой эле маданият жана туризм тармагындагы кызматташуу потенциалы талкууланды.

Элчи Марипов Кыргызстан жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кыскача айтып берди. Ошону менен бирге эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты түзүү максатында Буркина-Фасонун Тышкы иштер министрлигинин башчысынын Кыргызстанга биринчи расмий сапарын үстүбүздөгү жылы уюштурууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосунда сапарларды уюштуруу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.