Санариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупцияга каршы чаралар күчөтүлөт

Коом Загрузка... 19 Февраль 2025 11:21
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Вячеслав Кравченко жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек,19.02.25./Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жыйын өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында коррупция менен күрөшүүгө багытталган мыйзамдардагы өзгөртүүлөр талкууланды.

Негизги өзгөрүүлөр:

- Коррупция үчүн жазаны күчөтүү.

- Коррупция боюнча соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу.

- Зыяндын ордун толтурган учурда жазадан бошотуу мүмкүнчүлүгүн алып салуу.

Мындан тышкары, мурда коррупциялык укук бузууларга баргандар үчүн мамлекеттик органдарда жана укук коргоо органдарында иштөөгө чектөөлөр киргизилгени белгиленди.

"Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияга ылайык, коррупцияга каршы чараларды күчөтүү боюнча ишти улантууда",-деп айтылат маалыматта.