Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялык оорулар боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 27-январдан 02-февралга чейин республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 037 учуру жана сасык тумоонун 40 учуру (и.к. 156,0) катталган. Бул өткөн жумага салыштырмалуу (04-жумада и.к. 161,9) 3,6%га төмөн. Жалпы ооругандардын 3,9% (436 учур) ооруканага жаткырылган.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.
КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.