Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 2042 03 Апрель 2025 21:40
IMG_3184.jpeg
IMG_3185.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3184.jpeg
IMG_3185.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Самарканд шаарына иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери жалпы чакырыктарды натыйжалуу чечүү жана аймактык коопсуздукту бекемдөө үчүн ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана конструктивдүү диалог принциптерин жактай тургандыгын ырасташты.