Садыр Жапаров "Учкун" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

24 Март 2025 18:38
photo_5406984971350044055_w.jpg
photo_5406984971350044072_w.jpg
photo_5406984971350044075_w.jpg
photo_5406984971350044074_w.jpg
photo_5406984971350044073_w.jpg
photo_5406984971350044070_w.jpg
photo_5406984971350044067_w.jpg
photo_5406984971350044071_w.jpg
photo_5406984971350044069_w.jpg
photo_5406984971350044068_w.jpg
photo_5406984971350044066_w.jpg
photo_5406984971350044065_w.jpg
photo_5406984971350044064_w.jpg
photo_5406984971350044062_w.jpg
photo_5406984971350044063_w.jpg
photo_5406984971350044060_w.jpg
photo_5406984971350044061_w.jpg
photo_5406984971350044059_w.jpg
photo_5406984971350044057_w.jpg
photo_5406984971350044056_w.jpg
photo_5406984971350044058_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5406984971350044055_w.jpg
photo_5406984971350044072_w.jpg
photo_5406984971350044075_w.jpg
photo_5406984971350044074_w.jpg
photo_5406984971350044073_w.jpg
photo_5406984971350044070_w.jpg
photo_5406984971350044067_w.jpg
photo_5406984971350044071_w.jpg
photo_5406984971350044069_w.jpg
photo_5406984971350044068_w.jpg
photo_5406984971350044066_w.jpg
photo_5406984971350044065_w.jpg
photo_5406984971350044064_w.jpg
photo_5406984971350044062_w.jpg
photo_5406984971350044063_w.jpg
photo_5406984971350044060_w.jpg
photo_5406984971350044061_w.jpg
photo_5406984971350044059_w.jpg
photo_5406984971350044057_w.jpg
photo_5406984971350044056_w.jpg
photo_5406984971350044058_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта “Учкун” ачык акционердик коомуна барып, күйүүчү майды маркировкалоо, акциздик маркаларды жана паспортторду даярдоо боюнча өндүрүш процесси менен таанышты.

Мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруунун алкагында ишканада масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлгөн. Паспортторду, акциздик маркаларды жана окуу адабияттарын чыгаруу үчүн заманбап басма орнотмолору сатып алынды, инфратүзүмү жаңыртылды, бул өндүрүштүн көлөмүн кыйла жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берди.

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 2024-жылы киргизилген күйүүчү майды маркировкалоо системасына өзгөчө көңүл бурулганын билдирди. Бул механизм мамлекеттик бюджетке акциздик жыйымдардан түшүүлөрдүн олуттуу көбөйүшүнө, мунайзаттардын сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө жана отундун көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө өбөлгө түздү.

Мындан тышкары, “Учкун” ААК өлкөнү паспорттук жана басма продукциялары менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 770 103 паспортту, анын ичинде 359 221 жалпы жарандык паспортту жана 410 882 ID-картаны чыгарган. Ошондой эле миллионго жакын нуска китеп басылып чыккан. Компаниянын салык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 278 млн сомдон ашты.

Акционердик коомду кыдыруу маалында мамлекет башчысына атамекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруу башталганы тууралуу маалымат берилди. Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев биринчи этапта майда номиналдагы купюралар басып чыгарыларын, бул Бул жүгүртүүдөн алынчу эскилиги жеткен банкнотторду тез арада алмаштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ал “Учкундун” базасында чыгарылган жаңы кыргыз сому жасалма акча жасоодон корголгон эң алдыңкы дүйнөлүк стандарттарына жооп берип, улуттук валютанын ишенимдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларын айтты. Ошол эле учурда Мелис Тургунбаев буга чейин кыргыз сому Европа өлкөлөрүндө чыгарылып келгенин эске салды.

Андан соң президентке Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валютанын алгачкы үлгүсү көрсөтүлдү.

“Учкун” ААКнын директору Бакытбек Султанов маалымдагандай, ишканада акциздик маркаларды жана паспортторду даярдоо процесси да жөнгө салынган, алар бир нече коргоо деңгээли менен жабдылган. Тактап айтканда, кыргыз паспортторунун жасалмадан коргоо деңгээли дүйнөдөгү алдыңкы ондукка кирет, бул алардын эң катуу эл аралык талаптарга жооп берерин тастыктайт.

Президент Садыр Жапаров ишкананы мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин белгилеп, жетекчиликке өндүрүштү модернизациялоону улантууну, алдыңкы технологияларды киргизүүнү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды. Бул өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоого, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.