Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда

Президент Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 16:50
761365531_1628178835983411_1149397464229914886_n (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 30.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берип, эки өлкөнүн кызматташуусунун негизги багыттарына токтолду.

Мамлекет башчысынын айтымында, сүйлөшүүлөрдө саясий жана коопсуздук маселелеринен тартып, экономика, транспорт, энергетика, чек ара, маданий-гуманитардык байланыштарга чейинки бардык багыттар талкууланды.

“Биз өз ара урматтоого, жакшы коңшулукка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө жогору баа бердик”, — деди Садыр Жапаров.

Ал эки өлкөнүн күн тартибиндеги негизги маселелердин чечилиши Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринде жаңы этапты ачканын белгиледи.

Жапаров жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңеш түзүлгөнүн, ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айтты.

Президенттин айтымында, тараптар Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн күчөтүү, биргелешкен долбоорлорду каржылоону кеңейтүү, аймактардын демилгелерин колдоо жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолун куруу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири аймактык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтык улантылары белгиленди.

Президент чек ара маселелерине да токтолуп, мамлекеттик чек ара боюнча келишимдерге жана өткөрмө пункттарына байланыштуу документтерге кол коюлганын айтты. Анын белгилешинче, өткөрмө пункттарынын саны 15тен 30га чейин көбөйтүлүп, жарандардын өз ара жүрүп-туруусуна шарттар жакшыртылды.

Ошондой эле Кыргызстандын Анжиян шаарында Башкы консулдугун ачуу маселеси колдоого алынганы белгиленип, бул кадам соода, туризм, логистика жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Садыр Жапаров сапардын маанилүү жыйынтыктарынын бири айыл чарба, социалдык камсыздоо, маданият, туризм жана билим берүү тармактарындагы эки тараптуу документтердин пакетине кол коюлушу болгонун белгиледи.

“Ишке ашырыла турган бардык чечимдер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоого бекем негиз болот деп ишенем”, — деди президент.

Ал Шавкат Мирзиёевди VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” экинчи тоо саммитине катышууга чакырды.

“Бүгүнкү мамлекеттик сапардын жыйынтыктары Кыргызстан менен Өзбекстандын гүлдөп-өнүгүшүнө, аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана өз ара ишенимди бекемдөөгө кызмат кыларына ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.