Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Мамлекеттин өнүгүүсүнө ар тараптан салым кошуп, өзгөчө эмгеги менен айырмаланган жарандардын мээнети сөзсүз бааланышы керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик сыйлыктардын түпкү маңызы — мамлекеттүүлүктү чыңдоого, руханий-адеп-ахлактык тарбияга, улуттук биримдикти бекемдөөгө жана ар кандай тармактардын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарды баалоо.
“Элибиздин эмгекчил жана мекенчил жарандары ар дайым мамлекеттин өнүгүүсү үчүн ак ниеттен мээнет кылып, ар тармакта интеллектуалдык жана руханий ачылыштарды жаратып келишет.
Залда отурган биздин каармандарыбыз ушул айтылган сөздөрдүн тирүү далили. Алар күн сайын өз ишине берилип, адамдык жана жарандык бийик парзын аткарып келишет.
Биз бүгүн өлкөнүн өнүгүүсүнө жан үрөп салым кошкон инсандарыбызды улуттук деңгээлде таануу, баалоо жана аларга терең таазим этүү үчүн чогулуп отурабыз.
Сыйлык — бул элге эмгеги сиңген, иштерман инсандарга карата мамлекеттин эң жогорку урматы жана ыраазычылыгы. Сыйлыгыңыздар кут болсун!”, — деди Садыр Жапаров.