Рулдагы айымдарды таң калтырып, эгиз инспекторлор куттукташты - видео

Коом Загрузка... 08 Март 2026 16:02

Бишкек, 08.03.26. /Кабар/. Бишкекте унаа башкарып бараткан айымдарды эгиз жол инспекторлору куттукташты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Аман жана Эсен аттуу эгиз кызматкерлер башкармалыкта кызмат өтөйт. Алар окшош жаңы “Тойота РАВ 4” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар менен айдоочу айымдарды куттукташты. Айымдарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан даярдалган белектер жана жол белгилери камтылган китептер тапшырылды.

Эгиздердин бири айдоочу айымды тосуп токтотуп, кое бергенден кийин, экинчиси 150-200 метрдей аралыктан ошол эле айдоочу айымды кайра тоскон.

Айымдар “Азыр эле токтоттуңуз го, кантип кайра алдыман чыгып калдыңыз?”, - деп таң калып жатышты.

Позитивдүү иш-чара 8-мартка карата айымдардын көңүлүн көтөрүү максатында уюштурулду.