Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. ROX Group компаниясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү аталды. Бул тууралуу оюндардын медиаштабынан билдиришти
Тиешелүү келишимге "РЦА Ливинг" компаниясы менен Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгына караштуу "Спорттук комплекс" мамлекеттик ишканасы кол койду.
Маалыматка караганда, ROX Group Кыргызстанда кыймылсыз мүлк, кайра жаралуучу энергия жана каржы тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын арасында Royal Central Park көп функционалдуу комплекси, "ROX Ысык-Көл" күн электр станциясы жана Kompanion Банк менен стратегиялык өнөктөштүк бар.
ROX Groupтун өкүлү Фан Ань Сон Көчмөндөр оюндарын колдоо компания үчүн сыймык экенин белгилеп, Кыргызстандагы узак мөөнөттүү инвестицияларды улантуу ниетин билдирди.