Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Түштүк Кореянын Herald Economy басылмасы Кыргызстан менен кызматташууну кореялык компаниялардын Борбор Азия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бири катары белгиледи.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктигинен билдиришкендей, бул тууралуу гезиттин 15-октябрдагы макаласында айтылат.
Басылманын маалыматына ылайык, агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Түштүк Кореянын чакан бизнести колдоо боюнча SEMAS уюмуна иш сапары менен барып, анын жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.

Макалада кореялык чакан жана орто ишканалардын Борбор Азия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да каралган. Атап айтканда, потенциалдуу сатып алуучуларды табуу, экспорттук келишимдерди түзүү жана кореялык азык-түлүк менен косметикалык продукцияларды жайылтуу маселелери белгиленген.