Россиядан Кыргызстанга 21 тонна тоок этин мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

Коом 954 05 Март 2025 17:00
ak-tilek.jpg
c9cb3596-1580-4a52-a60c-f50ec.max-1920x1080.format-webp.webp
ea3c5e31-af82-4994-8407-1d458.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
ak-tilek.jpg
c9cb3596-1580-4a52-a60c-f50ec.max-1920x1080.format-webp.webp
ea3c5e31-af82-4994-8407-1d458.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Кыргызстанга Россиядан тоок этин мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей,тунда чек ара ветеринардык көзөмөл кызматынын инспекторлору товарларды текшерүү учурунда Россиядан 21 тонна канаттуулардын этин алып келүүдө мыйзам бузууларды аныкташкан.

Белгиленгендей, жүктө эч кандай маркировка болгон эмес.

Инспекторлор тарабынан тиешелүү кайтаруу протоколдору түзүлүп, жүк Россияга кайтарылган.