Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, балык уулоо эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жаратылыш министрлигинен билдиришкендей, рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 500 метр болгон синтетикалык балык уулоочу торлор жана электр балык уулоочу жабдыктар алынды.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 4 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 36 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.