Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Россиянын Калининград шаарында 22 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал террордук уюмдун ишине катышууга чакырык жасоого шектелүүдө.
ТИМ жарандын кармалуу жагдайларын тактоо жана мүмкүн болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугуна тиешелүү иштерди жүргүзүү боюнча тапшырма берилгенинин билдирди.
Ошондой эле министрлик бул маселени көзөмөлгө алып, толук маалымат келип түшкөндө кошумча кабарлайт.