Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Россия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кыргыз тилин болжол менен 40 пайыз түшүнөрүн айтты. Бул тууралуу ал жергиликтүү журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Журналист Песковдон түрк тилин жакшы билерин белгилеп, кыргыз жана түрк тилдери тектеш тилдер болгондуктан кыргыз тилинде сүйлөгөндө түшүнө алар-албасын сурады.
"Ооба, түшүнөм. Болжол менен 40 пайыздай түшүнөм деп ойлойм. Андан көп эмес. Бирок кыргызча сүйлөгөндөрдүн арасында узагырак болсом, бул көрсөткүч жогоруламак болушу керек", - деди Песков.
Ал кыргыз жана түрк тилдеринин түзүлүшүндө жана көптөгөн сөздөрдүн уңгуларында окшоштуктар бар экенин белгиледи.
"Кээде сөздөрдүн айтылышы менен угулушу гана айырмаланат. Ал эми жалпысынан алганда, эки тил тектеш тилдер болуп саналат", - деди Дмитрий Песков.