Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Коом Загрузка... 17 Февраль 2025 19:05
79566.jpg
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. "Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору бүгүн, 17-февралдан тарта коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу , депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев демилгелеген.

Мыйзам долбоору менен бул жерден кирип таанышсаңыз болот.

Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номерлер аркылуу кабыл алынат: 0312 63 - 87 -91.