Президент жол салууда максаттуу иш алып барууну тапшырганын айтты

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 11:15

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Стратегиялык жолдорду 5-10 чакырымдан кем кылбай оңдоо тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, эгерде 500 метрден 1-2 чакырымга чейин жол жасалса, үч эсе кымбат туруп калат.

“Айылдын ичине же эки айылдын ортосуна 500 метр же бир чакырым асфальт басып коёт экен. Асфальтты 200 чакырымга чейин ташып, 20-30 техниканы алып барат. Ошол үчүн 1-2 чакырым жолду салууну токтотууну тапшыргам. Биринчи бүт стратегиялык жолдорду 5-10 чакырымдан кем кылбай бүтүрүү керек. Ошондо ал жерге асфальт заводу орнотулат, шагыл жергиликтүү булактардан алынат. Бул курулушту эки-үч эсе арзандатат. Бир чакырым жолду жасаганда, ал мамлекетке үч эсе кымбат турат. Мурун муну эсептешчү эмес. Ошондуктан райондорду бириктирген жолдор биринчи кезекте жасалат", — деди өлкө башчысы.