Президент Сокулуктагы барак тибиндеги үйлөрдүн документтерин бүтүрүүнү тапшырды

Аймак
Президент Сокулуктагы барак тибиндеги үйлөрдүн документтерин бүтүрүүнү тапшырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга Сокулуктагы барак тибиндеги үйлөрдүн документтерин жол-жоболоштуруу маселесин биргелешип чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сокулук районунун тургундары менен жолугушкан учурда айтты.

Жолугушууда ээлери 10-15 жылдан бери жашап келсе да, менчик укугун каттата албай жаткан барак тибиндеги турак жайлар бар экени айтылды. Буга мамлекеттик реестрлерде үйдүн мурдагы ээлери дагы эле менчик ээси катары көрсөтүлүп жатканы себеп болууда.

Жолугушууга келгендердин айтымында, жарандар бул үйлөрдө иш жүзүндө жашап жатканына карабастан, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик мурда башка адамдардын атына катталган менчик укугуна байланыштуу үйлөрдү каттоодон өткөрө албай келет.

Маселени уккан Садыр Жапаров мындай көйгөйлөр ондогон жылдар бою созулбашы керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы аталган агенттикке, райондук администрацияга, укук коргоо органдарына, прокуратурага, Ички иштер министрлигине жана сот органдарына кырдаалды биргелешип иликтеп, мыйзамдуу чечүү жолун табууну тапшырды.

“Эл дагы 30 жыл ушул көйгөй менен жүрүшү керекпи? Баарыңар чогулуп, маселени чечкиле. Эгер мурдагы менчик ээлери иш жүзүндө жок болсо, ал эми тургундар ал үйлөрдө 10-15 жылдан бери жашап жатса, бул маселеге чекит коюу керек. Ушундай жагдайлардын баарын чечүүнү тапшырам”, — деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле ал жооптуу органдарды комиссиянын ишин тездетип, жарандардын турак жай маселесин чечүүнү создуктурбоого чакырды.