Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Кореяга барды

Президент 15 сентябрь 2026 17:20
IMG_4910.jpeg
IMG_4911.jpeg
IMG_4912.jpeg
IMG_4913.jpeg
IMG_4914.jpeg
IMG_4915.jpeg
IMG_4916.jpeg
IMG_4917.jpeg
IMG_4918.jpeg
IMG_4919.jpeg
IMG_4920.jpeg
IMG_4921.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4910.jpeg
IMG_4911.jpeg
IMG_4912.jpeg
IMG_4913.jpeg
IMG_4914.jpeg
IMG_4915.jpeg
IMG_4916.jpeg
IMG_4917.jpeg
IMG_4918.jpeg
IMG_4919.jpeg
IMG_4920.jpeg
IMG_4921.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда расмий сапар менен Корея Республикасына барды.

Сеул шаарынын аэропортунан мамлекет башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Ошондой эле президент Садыр Жапаров “Борбор Азия + Корея Республикасы” биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары мамлекет башчысы бизнес саммиттин атайын сессиясына катышмакчы.