ПРЕСС-АНОНС: 8-сентябрь, саат 12:30: Аринбасарованын Кыргызстанга кайтып келиши жана таасирлери

Пресс-борбор 8 сентябрь 2026 12:00
ПРЕСС-АНОНС: 8-сентябрь, саат 12:30: Аринбасарованын Кыргызстанга кайтып келиши жана таасирлери

“Кабар” агенттигинде 2026-жылдын 8-сентябрында пресс-конференция өтөт.

12:30 — Наталия Аринбасарова: Кыргызстанга көп жылдардан кийин кайтып келүү — алгачкы эмоциялар, өлкөдөгү өзгөрүүлөр жана өнүгүү тууралуу таасирлер.

Катышуучулар: — Наталия Аринбасарова — советтик жана россиялык театр жана кино актрисасы, РСФСРдин жана Казакстандын эмгек сиңирген артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Биринчи мугалим” тасмасындагы мыкты аялдын ролу үчүн Венеция кинофестивалынын Вольпи кубогунун ээси;

— Ассоль Молдокматова — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти, эл аралык жылдыздардын Кыргызстанга келишин уюштуруучу.

Наталия Аринбасарова көрүүчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде режиссёр Андрей Кончаловский тарткан “Биринчи мугалим” тасмасындагы Алтынайдын ролу аркылуу таанымал.

Бул тасма актрисага эл аралык деңгээлде таанылууга жол ачкан. 1966-жылы Венеция кинофестивалында Аринбасарова мыкты аялдын ролу үчүн Вольпи кубогуна татыган.

Актриса чыгармачылык жолунда ондогон тасмаларда роль жаратып, бир катар мамлекеттик жана кесиптик сыйлыктарга ээ болгон. Кыргызстанда ага “Ак Илбирс” улуттук кинопремиясынын “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” атайын сыйлыгы тапшырылган.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, Наталия Аринбасарованын Кыргызстанга келиши өзгөчө символдук мааниге ээ. Анткени анын чыгармачылык өмүрүнүн олуттуу бөлүгү Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана кыргыз кинематографиясы менен байланыштуу.