2025-жылы 29-декабрда "Кабар" агенттигинде өтө турган маалымат жыйыны
11:00 – "Тулпар" долбоору: Автобустардагы жол кирени накталай эмес төлөө тутумунун ишинин жыйынтыктары
Катышуучулар:
- Акматбеков Бекжан Майрамбекович, "Тулпар" долбоорунун операциялык ишмердүүлүгү боюнча директору;
Маалымат жыйынында долбоордун ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана жыйынтыктары сунушталат, анын ичинде:
- 2025-жыл ичиндеги накталай эмес төлөмдөрдүн жалпы саны (төлөм түрлөрү боюнча: транспорттук карталар, банктык карталар, QR-төлөмдөр жана башка ыкмалар);
- берилген жана колдонуудагы транспорттук карталардын саны;
- жаңы каттамдардын кошулушу жана тейлөө тармагынын кеңейтилиши тууралуу маалымат;
- орнотулган валидаторлордун саны жана тутумдун техникалык инфраструктурасынын өнүгүүсү боюнча маалыматтар;
- контролдук кызматтын иши боюнча отчет: текшерилген жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражаттарынын саны, текшерүү иш-чараларынын жыйынтыктары.