ПРЕСС-АНОНС: 15-октябрь, 10:00 – "Агротехэкспо-2025" жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт

Пресс-борбор Загрузка... 15 Октябрь 2025 09:00
WhatsApp_Image_2025_NT3eODP.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Эртең, 15-октябрь күнү саат 10:00 "Кабар" маалымат агенттигинде 17-18-19 октябрында Бишкек шаарынын эски аянтында өтө турган "Агротехэкспо-2025" жана "Алтын күз" республикалык азык-түлүк жарманкесине байланыштуу маалымат жыйыны өтөт.

Жыйын учурунда сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп ала аласыздар.

Катышуучулар:

  • Жаныбек Керималиев — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары;
  • Нурланбек Кожогулов — Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору;
  • Искак Анарбеков — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу жана жеке өнөктөштүк секторунун башчысы катышат.