Парламентте инвестдолбоорлор үчүн жер берүү тартиби талкууланды

Жогорку Кеңеш 7 октябрь 2026 16:25
Парламентте инвестдолбоорлор үчүн жер берүү тартиби талкууланды

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жер участокторун инвестициялык долбоорлор үчүн берүү тартибин тактоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.

Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр инвестициялык климатты жакшыртууга, инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүү тартибин тактоого жана инвесторлордун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылууга багытталган.

“Мыйзам долбоорунда улуттук инвестициялык жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди акысыз убактылуу пайдаланууга берүү каралууда. Инвестициялык макулдашуунун негизинде жер алгач 10 жылга берилет. Инвестор өз милдеттенмелерин толук жана өз убагында аткарса, мөөнөт 25 жылга чейин, ал эми зарыл болгон учурда жалпы 50 жылга чейин узартылышы мүмкүн”,- деди Амангелдиев.

Белгилегендей, 50 жылдык мөөнөт жаңы норма эмес, ал азыркы Жер кодексинде да каралган. Жаңы өзгөртүүлөрдө негизги басым жерди пайдалануу мөөнөтүн инвестордун милдеттенмелерин аткаруусу менен байланыштырууга жасалууда. Эгер милдеттенмелер аткарылбаса же долбоор тиешелүү тизмеден чыгарылса, жерди пайдалануу укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, жер кайтарылат.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев мамлекеттик жерлерди инвесторлорго берүүдө анын наркын аныктоо жана муниципалдык жерлер боюнча жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын так көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Амангелдиев жердин рыноктук баасы көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталарын айтып, мыйзам долбоорунда баалоо ишмердигине байланыштуу жоболор такталып жатканын билдирди. Ал эми муниципалдык жерлер боюнча чечимдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамга ылайык жергиликтүү органдар тарабынан кабыл алынарын белгиледи.

Мындан тышкары, Бекешев чет өлкөлүк жарандардын жерге менчик укугуна ээ боло албастыгына байланыштуу жер участогунун укуктук макамын так жөнгө салуу зарылдыгын көтөрдү. Анын айтымында, айрым учурларда имарат же турак-жай чет өлкөлүк жаранга менчикке өтүп, жер убактылуу пайдаланууда калган учурда анын укуктук макамы боюнча так механизм болушу керек.

Амангелдиев колдонуудагы Жер кодексинде мындай учурлар боюнча белгилүү бир механизм каралганын айтып, эгер депутаттар кошумча тактоону талап кылган жагдайларды көрсөткөн болсо, аны биргелешип иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.

Бекешев өз кезегинде сунушталган өзгөртүүлөрдү өзүнчө талкуулоого макул болуп, тараптар бул маселелер боюнча мындан ары биргелешип иштөө боюнча бир пикир келишти.

Эскерте кетсек, КР Жер кодексине жана КР инвестициялар жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Бул мыйзам долбоору инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүү тартибин так аныктоого жана инвесторлордун милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылууга багытталган.