Бишкек 27.05.25 /Кабар/. 26-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңыдан курулуп жаткан имараты менен таанышып чыкты.
Камчыбек Ташиев окуучулар үчүн бирдиктүү кийим, транспорт жана атайын сабактар үчүн каражаттарды жеткиликтүү деңгээлде чечүүнү тийиштүү тараптарга милдеттендирген.
“Жогоруда аталган мектеп-интернат 700 орундуу болуп, 500 баланын жатып окуусуна ылайыкталып курулууда. Анда спорт залы, спор аянтчалары, эс алуу багы, санитардык бөлүм жана башка бардык заманбап шарттар түзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаардык билим берүү бөлүмү, Ош шаардык мэриясы мектеп жетекчилиги менен биргеликте имараттарды толу менен талаптагыдай кылып жасалгалоо иштерин жүргүзөрү айтылды.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында аталган интернат толугу менен жаңыдан курулуп баштаган жана ушул жылдын жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү тапшырмасы коюлган.