Бишкек, 2.10.26. /Кабар/. Ош шаарындагы С.Жетимишов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди.
Мэриядан билдиришкендей, жаңыланган жолдун узундугу 1,4 чакырым, туурасы 14 метрди түзөт.
Оңдоо иштеринин алкагында жаңы асфальт төшөлүп, көчөнүн эки тарабына ирригациялык тармактар орнотулду. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулду.
Жетимишов көчөсү Ош көчөсү аркылуу шаардагы негизги каттамдардын бирине чыгып, "Ош" эл аралык аэропортуна баруучу жол менен байланышат.
Жолдун ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.