Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Ош шаарында мамлекеттик жана юридикалык кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берген жаңы Юстиция үйү ачылды.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 5 миң 349 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имарат мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу курулган. Курулуш иштери 2026-жылдын сентябрында аяктаган.
Жаңы имаратка Ош облустук юстиция башкармалыгы, Пробация департаментинин тиешелүү түзүмдөрү, мамлекеттик жана социалдык нотариустар, Юридикалык жардам кызматы, Түштүк нотариалдык архиви жана юридикалык жактардын архиви жайгаштырылды.
Жаңы имараттын ачылышы жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана бир нече кызматты бир жерден алууга шарт түзөт.
Буга чейин облустук юстиция башкармалыгы 1971-жылы курулган, кийин авариялык абалда деп табылган имаратта иштеп келген.