Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектер мамлекетке кайтарылды

Аймак 2084 30 Апрель 2025 11:24
WhatsApp Image 2025-04-30 at 09.28.08 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-30 at 09.28.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-30 at 09.28.08 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-30 at 09.28.08.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-30 at 09.28.08 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-30 at 09.28.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-30 at 09.28.08 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-30 at 09.28.08.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек 30.04.25. /Кабар/. Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген маданият үйү жана стадион мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош облустук прокуратурасы тарабынан жер жана менчик мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында жайгашкан маданият үйү 0,99 га жер тилкеси менен жана Фрунзе айылында жайгашкан стадион 1,75 га жер тилкеси менен жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 156 млн 965 миң 700 сомдук жогоруда белгиленген мүлкттөр мамлекетке кайтарылды.