Ош шаарындагы эс алуу жайларын иретке келтирүү тапшырмасы берилди

Аймак Загрузка... 19 Март 2025 11:41
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүн таң эрте Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын кыдырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы бакты көрүп чыгып, анын аймагын иретке келтирүү менен бирге бактагы аттракциондордун, чарбалык жана коммерциялык курулуштардын сырткы көрүнүшүн жаңылоону, таштандылардан тазалоону, ижарага берилген соода жайлар боюнча маселелерди карап чыгууну тапшырды.

Мэр ошондой эле Мээрим сейил багын, А.Орозбеков көчөсүндөгү спорт шаарчысынын аймагын да текшерип, бул жерде дагы иретке келтирүү жана аймакты тазалоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын койду.