Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында бир катар жаңы эс алуу бактары пайдаланууга берилди.
Мэриядан билдиришкендей, эс алуу бактары төмөнкү даректерде түптөлдү:
- Киргизия кино театрынын жанында БУУ эс алуу багы;
- Ишкаван айылындагы бак;
- Достук. Катта терек айылынын кире бериш жериндеги бак;
- Манас-Ата МАБынын артындагы бак;
- Раззаков көчөсү, 26 үйдүн жанындагы бак;
- Масалиев 55 үйдүн жанындагы эс алуу багы;
- Өчпөс оттун жанындагы "Жаштар" багы;
- Санкт-Петербург көчөсүндөгү бак.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери Ош шаарында жалпы аянты 56 гектардан ашкан аймакка 33 сейил жана эс алуу жайлары түзүлдү.
Жаңы курулган жана көрктөндүрүлгөн эс алуу жайларында жалпысынан 650 түп бак-дарак жана бадал отургузулуп, 75 миң түп гүл эгилди. Ошондой эле газон чөбүнүн уруктары себилди.