Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Ош шаарында Асранкулов көчөсү кеңейтилүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолду кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тосколдук жараткан мыйзамсыз жана убактылуу курулган объектилерди, тосмолорду бузуп, алып салуу каралган.
Ага ылайык, кызыл сызыкка чыгып кеткен, курулуш ээлерине тиешелүү эскертүүлөр берилген.