Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери текшерилди

Аймак 18 сентябрь 2026 09:35
813825519_1427388162913410_5367804876967520389_n.jpg
813931392_1427387956246764_3826981565227326352_n.jpg
813765485_1427387592913467_108669256810256435_n.jpg
814493621_1427387539580139_7440053648723435857_n.jpg
813878285_1427387859580107_4254854785457466735_n.jpg
813520525_1427388206246739_6281424243875453027_n.jpg
813747596_1427388052913421_491191150294633642_n.jpg
813853708_1427387496246810_5310257639480230467_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери текшерилди.

Мэриядан билдиришкендей, шаар жетекчисинин орун басары Эрнис Толтоев жана Ош шаардык кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү көчмө жыйын өткөрүштү.

Анда 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жеринде текшерилди. Анын алкагында жылуулук, электр энергиясы, муниципалдык чарба жана башка тармактардын кышкы сезонго даярдыгы каралып, аныкталган маселелер боюнча жооптуу жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле кыш мезгилин үзгүлтүксүз жана коопсуз өткөрүү үчүн даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, кемчиликтерди тез арада жоюу жана керектүү техникалык иштерди күчөтүү боюнча милдеттер коюлду.