Ош облусу менен Түштүк Корея алакасын арттырат

Коом 16 сентябрь 2026 11:30
794460607_122224824314368081_7530655564480048470_n.jpg
794598639_122224824254368081_462565510646724031_n.jpg
797648637_122224824230368081_8454618785155766872_n.jpg
797648630_122224824170368081_7911521671356682815_n.jpg
799819618_122224824104368081_6645441731801004941_n.jpg
811665157_122224824290368081_5284400106025759276_n.jpg
Алдыга
Артка
794460607_122224824314368081_7530655564480048470_n.jpg
794598639_122224824254368081_462565510646724031_n.jpg
797648637_122224824230368081_8454618785155766872_n.jpg
797648630_122224824170368081_7911521671356682815_n.jpg
799819618_122224824104368081_6645441731801004941_n.jpg
811665157_122224824290368081_5284400106025759276_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жана “Менин айылым” долбоорунун эксперттери менен жолукту.

Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда тараптар айылдарда ишке ашырылып жаткан демилгелердин учурдагы абалын, жетишилген натыйжаларды жана мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

“Менин айылым” долбоорунун алкагында айыл жерлериндеги киреше алып келүүчү объектилерди колдоо, жергиликтүү жамааттардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калктын кирешесин жогорулатууга багытталган иштер жүргүзүлүп келет.

Долбоордун эксперттик тобунун учурдагы миссиясынын негизги максаты Ош облусундагы максаттуу айылдарда, анын ичинде Жылуу-Суу, Орто-Арык жана башка айылдарда жайгашкан киреше алып келүүчү объектилердин учурдагы абалын изилдөө, жергиликтүү өнөктөштөр менен кызматташууну чыңдоо жана долбоордун кийинки этабын натыйжалуу ишке ашырууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Мындан тышкары, жолугушууда BioService уюму менен биргеликте биргелешкен талаа кеңсесин (Joint PMO) жайгаштыруу маселеси да каралды.

Өз кезегинде Аманкан Кенжебаев Ош облусунун жетекчилиги айыл аймактарын өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, жаңы киреше булактарын түзүүгө жана калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Тараптар биргелешкен аракеттердин негизинде долбоордун алкагында түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү сактап калуу жана аларды мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Ош облусундагы максаттуу айылдардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу маанилүү экендигин белгилешти.