Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Ош облустук балдар ооруканасынын кыска мөөнөттүү бир күндүк бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.
Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага депутат Илимбек Кубанычбеков катышты.
Депутат оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, аткарылып жаткан иштерге көңүл бурду.
Илимбек Кубанычбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, алардын эмгегин жогору баалай турганын белгиледи.
"Элдин саламаттыгы – мамлекет үчүн эң маанилүү багыттардын бири. Айрыкча балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Дарыгерлерибиздин эмгеги чоң урматка татыктуу. Алардын иштөөсү үчүн жакшы шарттарды түзүүгө жана көйгөйлөрүн чечүүгө колдон келген колдоону көрсөтүүгө даярмын", – деген эл өкүлү дарыгерлерге ийгилик каалады.