“Ош” аэропортунда туманга байланыштуу учактардын конуусуна убактылуу чектөө кирди

Аймак 12 февраль 2025 14:14
“Ош” аэропортунда туманга байланыштуу учактардын конуусуна убактылуу чектөө кирди
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. “Ош” эл аралык аэропортунда бүгүн, 12-февралда учактардын конууларына убактылуу чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим Ош шаарында туман түшкөндүгүнө байланыштуу кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.