Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин кызматтык үйгө байланыштуу кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев президент Садыр Жапаровго ыр түрүндө кайрылып, аялы менен балдары жашаган үйдөн чыгарылганын, өкмөт ал үйдү рейдерлик жол менен тартып алып жатканын билдирген.
"Канат Сагымбаев Мамлекеттик күзөт кызматында иштеп турганда мамлекеттин кызматтык үйүндө жашап келген. Кийин ал Алмазбек Атамбаевге байланыштуу кызматтан кеткен. Ошол мезгилде Сагынбаев жубайын жана балдарын таштап, башка үй-бүлө курган. Тактап айтканда балдарын таштап Кундуздун үстүнө кирип алган. Кыргыздар муну “күч күйө” деп коет.
Ал эми анын мурунку жубайы жана балдары ошол эле кызматтык үйдө жашап жатат.
Мамлекеттик кызматтык үйлөрдө учурда иштеп жаткан кызматкерлер гана жашоого укуктуу. Бул маселе президент Садыр Жапаровго чейин жетип, “Анын бала-чакасын көчөгө чыгарып салмак белек? Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезексиз батир берип жайгаштырып коёлу, ага чейин чыгарбагыла” – деп деп айткан", - деп жазды Орунбеков.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Канат Сагымбаевдин мурунку жубайы менен балдары дагы эле ошол үйдө жашап келишет, эч ким аларды чыгарып салган эмес. Өкмөт бул маселени чечүүгө жана үй-бүлөнү батир менен камсыздоого кам көрүп жатат.
"Ошондуктан, коомчулукка “батирди тартып алды” деп маалымат таратуу негизсиз жана мамлекеттин аброюна шек келтирүүгө багытталган манипуляция деп айтууга болот. Канат мырза таштап кеткен үй-бүлөсүнүн жүгүн - мамлекеттин жоопкерчилигине артып койгону дагы эр жигитке жарашпаган жорук", - деп жыйынтыктады ал.