Орозо айт - Рамазан айында адамдарга орозо кармаганы үчүн сыйлык катары берилген майрам

Коом Загрузка... 28 Март 2025 15:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда 1-мартта Орозо айы башталган. Эми 30-мартта Орозо айт майрамы белгиленет. Орозо айы – ыйманды жаңылоонун, биримдикти бекемдөөнүн жана шүгүрдү арттыруунун айы. Ыйык Рамазан айы – жүрөктөрдү тазалап, руханий жаңылануунун, кечиримдүүлүк менен мээримдин айы, адамдардын бири-бирине болгон сүйүүсүн жана урматын күчөтүүчү мезгил.

Дээрлик бир ай бою мусулмандар орозо кармады. Мында тамак-аш жегенге гана тыюу салынбастан, жаман ойлордон, жаман сөздөрдөн, жаман иштерден да алыстоо маанилүү болуп саналат. Ошондой эле ушактан, жалаадан жана жалган сөздөн алыс болуу абзел. Бул айда адамдар чындап жашоосун өзгөртүп, орозодон орозого чейин жүрөктөрүн таза сактоого аракет кылышы кажет. Себеби, чыныгы ыйман – бул бир айлык аракет эмес, өмүр бою сакталуучу аманат.

Эмне үчүн Орозо айт майрамы майрамдалат?

Орозо айт майрамынын майрамдалышынын себебине токтолсок, бул майрам Рамазан айынын аякташын белгилөө үчүн берилет. Убакыты Шаввал айынын 1-күнүнө (Хижрий календары боюнча) туура келет. Өзгөчөлүгү болсо, Рамазан айында орозо туткан адамдардын орозо кармагандыгы үчүн сыйлык катары берилген майрам. Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган.

Ошондой эле бул күнү айт намазы окулат. Муфтияттан маалымдашкандай, 30-мартта Орозо айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат. Айт намаздын программасы боюнча, мечиттерге чогулуу саат 06:15те башталып, 07:30га чейин баяндар айтылат. Саат 07:30да Орозо айт намазы окулат.

Айт күнүнө чейин битир-садакасы (зекет-аль-фитр) берилет. Бул күнү орозо кармоого тыюу салынат. Орозо айт майрамын жакындар менен көрүшүп, сүйүнүч жана мээрим менен өткөрүү керек.

Орозо айт менен Курман айттын ортосундагы негизги айырмачылыктар тууралуу жарандарга түшүндүрө кетели. Курман айт (Ид аль-Адха) майрамы ажылык ибадатына байланыштуу жана Ибрахим пайгамбардын Аллага болгон толук баш ийүүсүнүн эстелиги катары белгиленет. Мында да Орозо айттагыдай эле айт намазы окулат. Шарият боюнча Курман айтта курмандык союуга мүмкүнчүлүгү бар адам үчүн парз жана кедейлерге, жетим-жесирлерге жардам берүү, эт таратуу сооптуу амал болуп эсептелет. Эки майрамда тең үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге болуп, бири-бирине жакшы каалоо-тилектер айтылат. Сооп иштерди кылууга чакырык бар.

Орозо айт – Рамазан айынын бүтүшүнө, ал эми Курман айт – ажылык жана курмандык чалууга байланыштуу белгиленет. Орозо айтта битир-садака берилет, ал эми Курман айтта курмандык чалынат.

Бул эки айт мусулмандар үчүн чоң руханий мааниге ээ жана биримдикти, ырайымдуулукту, боорукерликти даңазалаган күндөр болуп эсептелет.