Эртең, 27-майда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленет. Курман айт — ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири болуп эсептелет. Бул күнү адамдар мүмкүнчүлүгүнө жараша курмандык чалат. Курмандык чалуу амалдары менен өзгөчөлөнгөн, элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам Жаратканга жакындоонун, анын буйрук-талаптарына моюн сунуп, напсиге азгырылбай, күйүмдүү болуунун белгиси. Курман айттын маани-маңызы тууралуу "Кабар" агенттигине муфтийдин орун басары Шакиржан Маматов маек курду.

— Курман айт кыргыз элинде кандай майрамдалат? Майрамдын мааниси тууралуу айта кетсеңиз.
— Эртең, 27-майда Курман айт белгиленет. Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы эски аянтта айт намазы окулат. Бул майрам ислам дининдеги эки майрамдын эң улуусу. Бул күнү инсандар намаз окуп бүткөндөн кийин курмандык чалат. Майрамда адамдар курмандык союу менен жетим-жесирлер, кедей-кембагалдардын ыраазычылыгын алышат. Курман айттын өзгөчөлүгү ушунда. Ар бир инсан таза кийим-кече кийип, мусулмандардын чоң майрамы катары майрамдашы керек.

— Курмандыкка чалынган малдын этин кантип бөлүштүрүү кажет?
— Курмандыкты акыл-эси жайында, мусаапыр эмес жана шарият тарабынан бай эсептелген адамга чалуу милдет болот. Курмандык Алланын ыраазычылыгы ниетинде гана чалынат. Курмандыкка оорулуу, начар мал жарабайт. Курмандыкка кой-эчки, уй-топоз жана төө гана чалынат.
Курмандыкка союлган малдын этинин үчтөн бирин үйүңүзгө калтырып, үчтөн бирин казанга бышырып, кошуналар, бир туугандар менен тамактануу шарт, дагы бир үчтөн бир бөлүгү колунда бар, колунда жогуна карабай көңүлүн көтөрүү үчүн берүү жакшы амал болуп саналат.

— Курман айтты маркумдарды эскерүү күнү катары кабылдагандар да жок эмес. Ушул боюнча жарандарга түшүндүрүп өтсөңүз.
— Курман айтта айрымдар маркумдар менен алек болуп, ый менен коштолуп калат. Бул андай майрам эмес. Негизи Курман айт ата-эненин, кошуналардын, бир туугандардын жана жетим-жесирлердин көңүлүн көтөрө турган улуу майрам.
Биз көзү өтүп кеткен маркумдарга колубуздан келсе, бир күндө беш убак намазда дуба кылышыбыз керек. Бир жылда он эки ай болсо, каалаган күнү маркумдарга дуба кылабыз. Тоокко же койго кудуретибиз жетсе, кошуна, айыл-апаны чакырып, куран окутабыз. Бул адамдарды чакырып тамак берүүдөгү соопту биз маркумдарга багыштайбыз. Ошондуктан бул Орозо айт же Курман айтка камтылып белгиленип калган нерсе эмес.

— Курман айт менен Орозо айттын айырмачылыгы эмнеде?
— Орозо айтта айт намазына чыкканга чейин адамдар тамактанып чыгат. Ал эми Курман айтта болсо, курмандыкка союлган малдын этинен жасалган тамак-аш менен тамактануу шарт.
Рамазан айындагы майрамды адамдар руханий тазалануу, сабырдуулукка жана жакшылыкка умтулуу катары белгилешет. Адамдар Орозо айында жасаган бардык жакшы амалдарына, ийгиликтерине кубанып, айт майрамын майрамдашат. Ал эми Курман айт курмандык чалып, башка бир мекендешине майрам тартуулоо менен элди ынтымакта жана тынчтыкта жашоого үндөй турган өзгөчө майрам.