Бектенов: ЕАЭБдеги өз ара сооданын көлөмү быйыл $102 млрд чейин өсүшү күтүлүүдө

ЕАЭБ Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 11:48
WhatsApp Image 2026-08-07 at 11.43.55.jpeg

Чолпон-Ата, 07.08.26. /Кабар/. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү быйыл 7,3%га өсүп, 102 млрд долларга жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы ЕАЭБ ичиндеги өз ара сооданын көлөмү 95 млрд долларды түзүп, 3,5%га төмөндөгөн.

"Товарлардын эркин жүрүшү Евразиялык интеграциянын негизги принциптеринин бири болуп саналат. Өз ара соода мүчө мамлекеттердин экономикалык өсүшүнүн маанилүү фактору бойдон калууда", - деди Бектенов.

Казакстандын өкмөт башчысы заманбап шарттарда сооданын санариптик механизмдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ЕАЭБ алкагында товарларды электрондук соодалоо боюнча макулдашуунун кабыл алынышын колдой турганын билдирди.

Анын айтымында, документтин ишке ашырылышы электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана өнөктөш өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуунун жагымдуу шарттарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Бектенов ошондой эле ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык системасында жасалма интеллект технологияларын колдонуу зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, бул технологиялар товар жүгүртүүнүн динамикасын талдоодо, соодадагы негизги тенденцияларды аныктоодо, ошондой эле жүк агымдарын жана транспорттук каттамдарды оптималдаштырууда колдонулушу мүмкүн.

Казакстандын премьер-министринин маалыматына караганда, учурда жалпы маалыматтык процесстердин тизмесинде 79 позиция бар. Алардын ичинен 50сү боюнча бирдиктүү аракеттер каралган, ал эми 23 позиция боюнча гана ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттердин туташтырылышы камсыздалган.

Ошондой эле Бектенов азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандан жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукциянын, ошондой эле даяр азык-түлүктөрдүн экспорту болжол менен 7 млрд долларды түзгөн. Ал эми 2026-жылдын январь-май айларында бул көрсөткүч 3,6 млрд долларга жеткен.

Мындан тышкары, ал ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул багытта брокерлер менен дилерлерге бир мүчө мамлекеттин биржаларында уюштурулган соодага башка мүчө мамлекеттердин рыногунун катышуучулары менен бирдей шартта катышууга мүмкүндүк берүүчү макулдашуунун маанисине токтолду.

"Бүгүн биз бул маанилүү макулдашууга кол коёбуз. Аны ишке ашыруу биримдиктин жалпы каржы рыногун калыптандырууга олуттуу салым кошот деп ишенем", - деди Бектенов.

Ал санариптештирүү жана жасалма интеллектти өнүктүрүү Казакстандын стратегиялык артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, 2026-жыл Казакстанда санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыяланган.

Бектенов ошондой эле Астана шаарында санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоор ишке ашырылып жатканын айтып, ал Казакстандын Евразиядагы санариптик борборлордун бири катары позициясын бекемдөөгө багытталганын белгиледи.

Казакстандын премьер-министри өлкөнүн ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында экономикалык интеграциянын натыйжалуулугун жогорулатууга, Евразия экономикалык биримдигинин потенциалын жана актуалдуулугун бекемдөөгө багытталган иштер улантыларын билдирди.

Ал бүгүнкү жыйындын жыйынтыгында кабыл алынуучу документтер ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө жана белгиленген максаттарга жетүүгө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.

Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"