Баа коюу тартиби: Окуучуларга 4-класстан өйдө баа коюлуп баштайт

Билим 28 июль 2026 12:30
Баа коюу тартиби: Окуучуларга 4-класстан өйдө баа коюлуп баштайт

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, башталгыч класстарда окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо тартиби өзгөрүүсүз сакталат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга баа коюлбайт. Алардын жетишкендиктери сапаттык жана сыпаттык ыкмасы менен бааланат.

Ал эми 4-класстан баштап окуучулардын билимин баалоодо белгилер коюу системасы киргизилет.

Мындай ыкма башталгыч класстагы окуучулардын билим алуу процессине ыңгайлашуусуна шарт түзүп, алардын жетишкендиктерин ар тараптуу баалоого багытталган.