Октябрь РИИБнин бир катар жетекчилери кызматтан бошотулду

Спорт Загрузка... 11 Февраль 2025 20:30
okt.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүздү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр ээлеген кызматынан бошотулду:

-Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин башчысы Эмирлан Зарылбек уулу;

- Коомдук коопсуздук кызматы боюнча орун басары Турат Жакшылыков;

- Кадрлар боюнча орун басары Эрнист Арымбаев,

- Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Кубат Шабданбек уулу жана анын орун басары Айбек Темирбаев;

-Жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын башчысы Токтобек Чыбылдиев;

-Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Султангазиев;

-Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алманбет Алибеков;

-Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Урмат Ибрасулов;

-Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Санжар Молдобаев;

-Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Марат Раззаков;

-Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нурлан жамгырчиев.

Ошондой эле, Октябрь РИИБдин №3 жана №4 шаардык милиция бөлүмдөрүнүн башчылары Чынгыз Намазалиев жана Сталбек Токтогазиевге кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө тартиптик жазасы берилди.