Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Непалдын Кытай менен чек арасына жакын Расува районунда болгон кыйратуучу селдин так себеби азырынча аныктала элек. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Бирок алдын ала спутниктен алынган маалыматтарга жана адистердин баасына ылайык, кырсыкка мөңгүнүн жана тоо тектеринин урашы себеп болушу мүмкүн.
Непалдын Гидрология жана метеорология департаментинин маалыматына караганда, Лхенде дарыясынын боюнда муз жана тоо тектери урап, дарыянын нугу тосулган. Натыйжада суу топтолуп, кийин ал тосмону жарып чыгып, чоң ылдамдык менен төмөн карай агып кеткен.
Адистер суунун курамында тоо тектери, муз жана ылай болгондуктан, бул кадимки суу ташкыны эмес, күчтүү сел агымы болгонун белгилешет.
Кырсык болгон күнү Расувада нөшөрлөгөн жаан катталган эмес. Ошондуктан адистер жаан-чачынды селдин түздөн-түз себеби катары карашкан жок.
Ошол эле учурда АКШнын Геологиялык кызматы Тибет аймагында кырсык маалында магнитудасы 4,4 балл болгон жер титирөөнү каттаган. Айрым эксперттер ал мөңгүнүн же тоо тектеринин урашына түрткү болушу мүмкүн деп эсептешет. Бирок бул версия азырынча так далилдене элек.
Адистер ошондой эле мөңгү көлүнүн жарылышы мүмкүн деген версияны иликтеп жатышат. Кырсыктын так механизми илимий изилдөөлөр аяктагандан кийин аныкталат.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Непалда дайынсыз жоголгондорду издөө жана куткаруу иштерине бардык күчтү жумшоону тапшырды.