Назгүл Өмүрзакова: Музейлер аралык кызматташтык жаңы маданий долбоорлорго жол ачат

Маданият 136 18 Август 2026 15:20
WhatsApp Image 2026-08-18 at 14.58.58.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси кылымдар сыноосунан өткөн ишенимдүү коңшулуктун жана терең стратегиялык өнөктөштүктүн жаркын үлгүсү. Бул тууралуу Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова “Гармония сулуулукту жаратат” байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөрү көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Улуу Жибек жолунун тарыхый тамырлары бүгүн маданий-гуманитардык байланыштар аркылуу жаңы денгээлде кайрадан жанданууда.

“Бүгүн баалуу экспонаттардын бир залда көрсөтүлүшү эки өлкөнүн тарыхый байланыштарынын ортосундагы шайкештикти жана маданий тамырлаштыкты ачык далилдеп турат. Көргөзмөнүн “Гармония сулуулукту жаратат” деген аталышында терең философиялык маани жатат. Биздин эл аралык мамилелерибиздин өзөгү дал ушул гармонияга, өз ара сыйлоого, тен укуктуулукка, жалпы өнүгүүгө багытталган. Музейлер аралык мындай кесиптик байланыштар келечекте биргелешкен илимий жана маданий долбоорлорду ишке ашырууга жаңы жолдорду ачат деп ишенем”,- деди Өмүрзакова.

Ал ошондой бул масштабдуу иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурууга көмөктөшкөн Улуттук тарых музейинин, Кытайдын Тяньцзинь музейи менен Ички Монголия музейинин жамааттарына, өнөктөш мекемелерге жана уюштуруучуларга чоң салымдарын кошкону үчүн терең ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн музейлеринин кызматташтыгы мындан ары да бекемделип, элдерибиздин достугуна кызмат кылган жаңы демилгелер менен уланаарына ишеним билдирди.